Армениянын түштүгүндөгү Сюник облусун аралап өткөн 43 чакырымдык коридор Ирандын борбору Тегерандын стратегиялык багытынын чордонунда жайгашкан.
Германиядагы эл аралык мамилелер жана коопсуздук институтунун илимий кызматкери Хамидреза Азизи сөз болгон план ишке ашса Иран Армения аркылуу Түштүк Кавказга жер аркылуу жетүү жолунан ажырап каларын, “Азербайжан же башка эл аралык оюнчулар көзөмөлдөгөн” маршруттан көз каранды болуп каларын белгилейт.
“Азаттык” радиосуна курган маегинде ал коридорду ансыз да геосаясий жактан кыйын абалда калган Иранды “күм-жам кыла турган акыркы сокку” катары мүнөздөдү.
Баку Зангезурду көзөмөлдөп же башка өлкөнүн башкаруусуна берсе, Ислам жумурияты түндүктөгү соодасына таасир этүүчү рычагдардан кол жууп калмакчы.
“Иран Түштүк Кавказ менен гана эмес Орусия жана Европа менен соода кылууда толугу менен Азербайжандан көз каранды болуп каларын” айткан Азизи муну менен Тегерандын геоэкономикалык позициясына чоң сокку уруларын эскертет.
Эксперт кошумчалагандай, Ирандын Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесиндеги ролу да төмөндөп, Бээжиндин ишенимдүү өнөктөшү деген ролуна доо кетиши ыктымал.
Коопсуздук жана регионалдык түзүлүш
Тегеранды түйшөлткөн негизги маселе анык: коридор Түркиянын таасирин кеңейтип, эми АКШнын аймактагы түздөн-түз катышуусуна алып келиши мүмкүн.
Азизинин пикиринде, “Иран Чыгыш-Батыш транспорт маршрутуна катышуу перспективасына ушуну менен чекит коюлат деп тынчсызданат”. АКШ аны башкара турган болсо, анда ошол кооптонуу ого бетер күчөйт, эмне дегенде “америкалык тескөөдөгү объект Ислам жумуриятынын түндүк чек арасына” жайгашып калат.
Мунун бардыгы Орусиянын украин согушунан улам Түштүк Кавказдагы таасири алсыраган жана Тоолуу Карабактагы экинчи уруштан кийин аймакта өзгөрүүлөр жүргөн маалга туш келди. Москвага баш ийүүгө макул болуп келген Тегеран эми анын буфердик аймагы коркунучка кабылган абалга кептелди.
“Чектелген стратегиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон Иран “Армения менен тыгыз саясий жана аскердик кызматташтыкка умтулуу менен” негизги оюнчулар менен иштешип жатат”, - деп эсептейт эксперт.
Азизинин айтымында, Тегерандын расмий билдирүүлөрү жана 2021-жылдан бери ал чөлкөмдө жүргүзүп келген аскердик машыгуулар тирешүүнү каалаганын эмес, өз чек арасында чет өлкөлүк күчтөрдүн жайгашуусуна үн чыкпай карап турбасын көрсөтүүнү максат кылат.
Көзөмөл, транзит жана суверенитет
АКШнын Зангезур коридору боюнча сунушун Ереван менен Баку этият кабыл алышты. Азербайжан үчүн ал жол Нахичеван менен байланыштырган маанилүү транспорт түйүнүнө жана согуштан кийинки интеграциянын бир бөлүгүнө айланган.
Армения өз суверенитетине көлөкө түшөт деп кабатырланат жана маршрут Еревандын көзөмөлүндө болууга тийиш деп эсептейт.
Еревандагы регионалдык изилдөөлөр борборунун директору Ричард Гирагосяндын айтуусуна караганда, Азербайжан “үчүнчү тараптын кийлигишүүсүн каалабаганын” так билдирип келет.
Реалдуу сунушпу же жарнамабы?
Вашингтон үчүн бул долбоор Москванын Баку жана Ереван менен мамилелери начарлаган, позициялары алсыраган аймактагы сейрек кездешчү боштуктан пайдалануу мүмкүнчүлүгү.
Гирагосян ал пландын атарылышынан күмөн санайт. “Мен ага олуттуу мамиле кылбайм. Ишенбөөчүлүк Бакунун, Еревандын позицияларын жакшы чагылдырат”, - деп айтат эксперт.
Анын пикиринде, Вашингтон региондогу татаал кырдаалды түшүнө бербейт.
"Менимче, кеп реалдуу даярдыгысыз эле жана долбоорду ишке ашыруу үчүн минималдуу потенциал жумшап президент Дональд Трамптын Нобел тынчтык сыйлыгын алуу аракети тууралуу жүрүүдө", - деген оюн ортого салат Гирагосян.
Орусиянын Армениянын темир жол түйүнүн башкарганы жана Батыштын санкциялары долбоордун ишке ашырылышына суроо жаратат.
“Орусия ээлик кылган же башкарган авто жана темир жолдорду америкалык менчик компания келип тескесе абал татаалдашат”, - деп айтат Гирагосян.
Тегерандын долбоорго туруштук берүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Эмне дегенде өлкө Израил менен өткөн айда болгон куралдуу жаңжалдан улам алсыраган.
Ошентип, Зангезур коридору транзит жолго эмес, чыңалуунун очогуна айлангандай.
Макаланын автору Kian Sharifi
Шерине