
Казакстанда 1930-жылдардын башындагы ачарчылыктан эки миллиондой киши кырылган. Көчмөндүк турмушта күн кечирген казактардын колундагы төрт түлүк малын тартып алып, күчтөп отурукташтыруунун аягы чоң кесепетке алып келген.
Казактын кең талаасында киши сөөгү чачылып, ачарчылыктан өлгөндөр көчө-көйдө көмүлбөй калган. Ошол апааттан аман калгандардын эскерүүлөрү азат бойду титиретет.
1930-жылдардагы ачарчылык СССРдин аймагы боюнча 8 миллион чамалуу кишинин өмүрүн алды. Анын дээрлик жарымы Украинада. Эң оор жана кыйратуучу кесепеттер Казакстанда болуп, тарыхчылардын эсебинде 2,2 миллиондон 3,2 миллион кишиге чейин кырылган. Бир миллиондон ашыгы Кыргызстан, Кытай, Монголия, Ооганстан жана Ирандын чыгышына чейин качууга мажбур болушкан. Изилдөөчүлөр казактардын саны эки эсеге чейин кыскарганын белгилеп, кийин казактар өз өлкөсүндө азчылыкты түзүп калганын жазышат.
2006-жылы Украинанын Жогорку Радасы Голодоморду украин элине карата геноцид катары тааныган. Муну дүйнөнүн 30 өлкөсү кубаттап, трагедияны сталиндик режимдин катаал саясатынын түздөн-түз кесепети катары баалаган.
Казакстанда расмий деңгээлде геноцид тууралуу сөз болбойт. 2025-жылы 31-майда Саясий репрессиялардын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнүндө президент Касым-Жомарт Токаев мурдагы АЛЖИР ("Акмолинский лагерь для жен изменников родины") атыккан лагердин аймагындагы мемориалга гүл коюп, тарыхтагы трагедия өлкөнүн өнүгүшүнө кедерги болбошу керектигин белгиледи.
“Дайыма өтүмүш менен жашап, бүгүнкү күндүн чындыгын дагы өткөн доорлордун көз карашы менен баалоого болбойт. Өзүн курмандык катары санаган өксүктөн арылуу керек. Анткени ар дайым өткөнгө кылчактоо - алсыздыктын белгиси”, - деген ал.
Ачарчылык темасы тууралуу сөз кылууга өлкөдө тыюу салынган эмес. Бирок, тарыхчылардын пикиринде, акыркы жылдарда Орусия Украианага согуш ачкандан бери Астана Москванын басымына кабылууда.
Казакстандык окумуштуулар өлкөнүн оторчулук доордогу жана советтик тарыхындагы трагедиялуу барактарды тыкыр иликтөө Орусияга жакпай жатат деп эсептешет.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Астанага барганда казак тарап менен тарыхчылардан турган биргелешкен жумуш тобун түзүү тууралуу макулдашылганын айткан. Ал бул кадам "коомдорубуздун айрым бөлүгүндө мезгил-мезгили менен күчөп турган эмоцияларды басаңдатат" деп белгилеген.
Советтер Союзунун учурунда ачарчылыктын оор кесепети тууралуу ондогон жылдар үн катпай келишкен. 1986-жылдан кийинки кайра куруу (горбачёвдук реформа – перестройка) жана айкындуулук саясатынын жарыяланышы менен кырдаал өзгөрдү.
1980-жылдардын соңунан “Жылдыз” журналы казак талаасындагы ачарчылык тууралуу күбөлөрдүн окуяларын жарыялай баштаган. Журналга жарыяланган трагедиянын күбөлөрүнүн айткандары 2020-жылы “Сары китеп” деген аталыш менен жарык көрдү. Анын түзүүчүсү журналист Едиге Магауин белгилүү жазуучу Мухтар Магауиндин уулу. “Азаттык Азия” ачарчылыкка күбө болгондордун эскерүүлөрүн жарыялайт.
“Алматыдагы азаптуу жыл”
Мариям Хакимжанованын эскерүүсү, 1990-жылы жарыяланган.
Биздин студенттик ашкананын жанына ыйлап-сыктаган кишилер топурап келди. Алардын баары балалуу аялдар экен. Биринин колунда баласы бар, башкасы жетелеп алган. Балдар “на-ан, на-ан” деп ыйлашат. Алардын өксүгөн ыйын чыдап угуу мүмкүн эмес эле.
- Айланайындар, балдарга жегенге бирдеме бергилечи? - деди аялдардын бири алсыз үн менен араң шыбырап. Алардын жалдыраган көздөрү жүрөктү тилди. Биздин абалыбыз деле жарытарлык эмес эле. Болгон түшкү тамагыбыз бир табак кычкыл капустанын шорпосу. Кээде бир кесим эт кошулуп калат. Кыздар ошол күнү шорпону ичип, нанын балдарга алып чыгып беришти.
Бир күнү эле Алматынын көчөлөрүндө ташбака көбөйүп кетти. Кийин билсек, ачка калган эл ташбакалар жүктөлгөн вагонду бузуп ачып алышкан экен. Көрсө, биз ичип жүргөн шорподогу бир кесим эт деле ташбаканыкы тура. Ошол маалда элдин көбү Кудайындай ишенген өкмөт менен партия казак элинин колундагы мал-мүлкүн тартып алып, өтө катаал жана жырткыч саясат жүргүздү. Анын арты менен элдин башына ата-бабалары көрбөгөн оор, азаптуу күндөр түштү. 1932-жылдын жаз айларына барып, борбор калаадагы көчөдө жүрүүгө мүмкүн болбой калды. Кайсыл тарапка барсаң дагы киши сөөгүн көрөсүң. Чарчап калган балдар дагы көп эле. “Киши дегениң үч күндө көргө да көнөт” деп коюшат эмеспи, биз дагы мындай үрөй учурган көрүнүшкө көнө баштадык. Алгачкы көргөндөгүдөй коркуу сезими жоголуп, сөөктөрдү айланып өтүп кетебиз.
Кыш түшкөндөн кийин ачарчылыктан көз жумгандардын сөөгүн таптакыр эле алып кетпей калышты. Алматыдагы жалгыз мончонун короосу, айланасы бүт эле киши сөөгүнө толду. Шаардык партия комитети “эгер жакын арада сөөктөр көмүлбөсө чирип, шаарга жыт тарайт, жугуштуу оорулар чыгышы мүмкүн, ошондуктан күн жылыганча көчөлөрдү тазалаш керек” деген токтом чыгарды.
Эсимде, биз окуган жумушчулар факультетине (рабфак) шаардык партия комитетинин аялдар бөлүмүнүн башчысы Анна Михайловна келип, сөөктөрдү көмүүгө жардам берүү керектигин айтты. Март айында ачарчылыктан өлгөндөрдүн сөөгүн көмгөнү чогулдук. Бизди он кишиден кылып, бригадаларга бөлдү. Колубузга күрөк, бешилик, ат арабаларды беришти. Ат жетпегендер эшек, өгүздөрдү арабага чегерип, таңдан кечке шаардагы сөөктөрдү ташыдык. Сөөктөрдү Алматынын батыш тарабында, шаардын сыртында жайгашкан Кызыл Чырым фондуна алып барып жаттык. Туш тараптан арабалар келип жатты. Ал жерде аскердик чоң унаа туруптур. Каршы-терши ташталган сөөктөрдүн арасында балдар бар, улгайганы, аял-эркеги бар. Сөөктөрдүн көптүгүн көрүп жүрөк тилинет. Угушубузча, аларды шаардын сыртындагы чоң казылган аңга ыргытып, көмүп салыштыптыр.
Талгар жана Пролетар көчөлөрүндө мурда жалаң байлар жашачу. Алардын мал-мүлкү конфискациялангандан кийин заңгыраган үйлөрүн мектеп, интернат, бала бакчага айландырышкан эле. Биз ошол тараптагы 12 бөлмөдөн турган бала бакчага бардык. Айлана-тегерегин карап жатып, үйдүн кире беришинен кар астында тоңуп калган тогуз баланын сөөгүн таптык. Биздин бригадирибиз жумушчу факультеттин студенти, партия уюмун жетектеген Аккошкаров аттуу эстүү жигит эле. “Ой, байкуштарым, баарысы кара чачтуу экен... Бул казак элин тукум-курут кылуу”,- деди күйүп-бышып.
...Бир жолу биз калдыраган эски машине менен Талгар тарапка жол тарттык. Баарыбыз арып-ачып, жүдөп, чарчаган элек. Ошол маалда суу ташкындап жаткан. Бутубуз суу... Дөңсөөдөн карайган бир нерсени көрдүк. Балдар “эч нерсе жок, жолубузду улай берели” дешти көңүлсүнбөй. Бирок Аккошкаров “көрүп келели” деп, ошол тарапка жөнөдүк. Дөңсөөгө жеткенибизде 50–60 жаштар чамасындагы, башында тебетейи, бутунда саптама өтүгү бар, узун сакалчан кишинин сөөгүн көрдүк. Бир бооруна 7–8 жаштагы баланы бекем кучактап, экинчисине домбырасын кысып алган экен. Аккошкаров күрөгү менен карды тазалап, көр казганга киришти.Арабызда Карагандадан келген шахтёр жигит да бар эле:
-Домбыраны эмне кылалы, алып кетелиби?,-деди.
-Жок, андай болбойт. Көрүп турбайсыңарбы, үчөө бир бүтүн сыяктуу. Эгерде бала анын кан-жанынан жаралса, домбыра анын жандүйнөсү. Домбыра ээси менен кошо жан бериптир. Биз аларды бөлбөй эле коелу, - деди Аккошкаров. Анын ойлуу туруп айткан бул сөзү менин эс тутумумда өмүр бою сакталып калды.
Биз кучакташкан бойдон оо дүйнө кеткен ата-балага, домбырага чогуу көр казып, жерге бердик. Алар кучакташкан бойдон бир көрдө калышты...
“Мындай өлүмдөн көрө түрмөдө олтурган артык деп ойлодук”
Турсын Журтбаевдин “Атамдын аңгемеси” деген эскерүүлөрүнөн үзүндү. 1993-жылы жарыяланган.
Кыш чилдесинде биз ачкалыктан тоңуп өлгөн адамдардын сөөгүн чанага жүктөп, дарыя жээгиндеги бийик жардан ыргытчубуз (сыягы, азыр ал жер Сайран көлүнүн пляжы болушу мүмкүн). Ошондо мындай өлүмдөн көрө түрмөдө отурган артык го деп ойлочубуз. Албетте, бизди дагы ушундай тагдыр күтүп турганын билчүбүз. Кийинчерээк көнүп калдык. Үстүбүздө самтыраган кийимдер. Кээде ачкадан өлгөн кишинин жакшыраак кийими, өтүгү болсо сыйрып алып кийип алабыз...
Алматыга жаз эрте келет. Февралдын башында күн жылымдап, эриген кардан кишилердин сөөктөрү көрүнө баштады. Иттер ушунчалык көбөйүп, адамдардан дагы коркпой калышкан. Адамдын этин жеп, жапайы болуп кетишти. Жанына барсаң ырылдап, тиштерин шакылдатып, тап берет. Биз үчөөбүз элек. Иттер жара тартып кетпесин деп, үрөйүбүз учуп, шаардан качууну чечтик. Бир күнү кечинде түнөгүбүзгө кайтчу убакыт болгондо сөөктөрдүн арасына жатып алдык. Кароолчулар бизди издешти. Бирок сөөктөр жаткан жерге келишкен жок. Түн оокумда бири-бирибизди издеп таап, жолго чыктык. Серкеш тоосу тарапты көздөй бет алдык. Жолдо ачкадан баса албай, араңжан кыңкылдап тамак сураган кишилердин үндөрү угулуп жатты. Таң агарганда токойго жетип, бут тартпай жатып калдык. Туулуп өскөн айылдарыбызга жете албасыбызды түшүндүк. Анан калса ал жакта бизди сагынып күткөн деле эч ким жок эле. Эгерде темир жол тарапка барсак, бизди күзөтчүлөр кармап алышмак. Кышында жолу жок аң-түз менен басуунун өзү мүмкүн эмес. Жайга чейин эптеп жан сактасак, анан Кудайдын жазганын көрөрбүз деп Серкеш тоолорунда эптеп күн көрмөк болдук.
Жолдон тыт, долоно, карагаттын кургап калган мөмөлөрүн терип, баштыктарга салып жүрүп олтурдук. Суур кармап алган учурлар болду. Ашууга чыгып, далдоо жерге бадалдардан алачык жасап алдык. Бизде күрөк, чака, көрө бар эле. Шаарда сөөктөрдү чогултуп жүргөндө бирөөнүн чөнтөгүнөн таап алган ширеңкебиздин пайдасы чоң болду. Очок жасап, чогун өчүрбөй от жактык. Алдыда белгисиздик, дагы кандай сыноо күтүп турганын билбейт элек. Күн сайын бирөөбүз алачыкты кайтарып калат, экөө жегенге бирдеме издеп тоону кыдырат.
Кургап калган мөмө-чөмөлөрдү таап калабыз. Анан тузак, жаа жасап алдык. Эмне жедиңер, кандай жаныбарды кармадыңар дейсиңерби. Аю менен аркар-кулжаны жолуктурган жокпуз. Кудай эмне берсе, ошону жедик, чычкан, чымчык, жылан... Жашоо үчүн адам эмне гана кылбайт! Үчөөбүз тең аябай жүдөп, арып-аздык. Кар кеткенден кийин жолго чыгууга кам ура баштадык. Ушул аралыкта колго илинген нерсе менен эле курсак тойгуздук. Бирде көчкү түшкөн жерден бир жандыктын тарпын таап алып, этин кайнатып жедик. Куштардын жумурткасын тердик, согон, сарымсак чогулттук. Таптакыр эле жапайыдай күн кечирдик. Майдын соңунда алачыкты таштап чыктык.
Биз Ала-Тоонун боору менен чыгышты беттеп жөнөдүк. Дарыяны кечип өтүп, Алтын-Эмел тарапты көздөй бурулдук. Жол менен баскандан корктук. Жолду катар адам сөөгү, жүрөктү айланткан сасык жыт...Тирүүлөр ачкалыктан ушунчалык каржалган, кол салышы да мүмкүн. Мындайда кишилер таш боор болуп калат экен. Биз жолдон алысыраак жүрдүк. Айылдардан дагы кыйгап өтчүбүз. Алдыбыздан тирүү жандык жолугуп калса, кармаганга аракет кылабыз. Болбосо жапайы пияз, сарымсак менен курсакты алдайбыз. Бир-эки мерте айылдын чет-жакасына чейин кирип барып, үйүлгөн сөөктөрдү көрдүк.
Эки ай дегенде биз Балхаштын кумдуу жээгине жеттик. Үстүбүздө тытылган кийимдер, буттарыбыз жылаңаяк. Кара-Тоодон келген жолдошубуз: “Мен ушул жерге чейин жеттим, эми Бетпак-Талаага да жетем. Кош болгула. Бул достукту көзүм тирүүдө унутпайм”, — деди. Аны узатып жатып баарыбыз ыйладык.
Андан ары экөөбүз сапарыбызды уладык. Жолдон эмнелерди көргөнүбүздү сен сураба, мен айтпайын. Кишинин этин жеп, акылынан айныган бир киши артыбыздан кубалады. Эки күн качып жүрүп, кутулуп кеттик. Адамдын чачынан өрүлгөн жип кармап алыптыр. Балким, курмандыгын ошону менен муунтуп өлтүрсө керек...
Баласын бооруна кысып өлгөн аялдын сөөгүн көргөндө шеригим ыйлап жиберди. “Булар менин аялым менен уулум болуп калса эмне болот? Кудакелди, мен кандай кылам?”, -деп боздоп ыйлады ал. Мен дагы кармана албай кеттим. Мен бойдок элем, бирок ата-энемди, бир туугандарымды эстеп ыйладым. Алар чек арадан качып өткөнү тууралуу каңшар кептерди уккам. Сөөгү жолдо калбагандыр деп ойлодум.
Элдин абалы ушунчалык аянычтуу эле. Оо, Кудай, Балхаштын боюнда эл кырылып калыптыр. Камыштын түбүндө сөөктөр жайнайт. Эгер адамдар балык кармап жесе, аман калмактыр. Бирок адам балыкты эмес, балыктар адамды жеп жатты... Суудагы сөөктөрдү көргөн соң дарыядан суу дагы ичпей калдык. Булактарды, кудуктарды издеп жүрдүк. Жүдөп-какап күзгө жуук Жунгар Ала-Тоосунун этегине жеттик. Саркан менен Ак-Суу тарапты көздөй бет алдык. Сентябрда шеригимдин туулуп өскөн айылына жетип келдик.
Айылда сени кармап берүүгө даяр кишилер толтура. Тынчсыздануу, шектенүү күчөп кеткен. Биз эки күн бою бийик жерден көз салып турдук. Жолдошум бирде атасын, бирде энесин, бирде аялын көргөндөй болуп, кичинекей бала көрүп калса, “балким менин уулумдур” дейт. Экинчи күнү анын чыдамы түгөнүп, айылдын жака-белине чейин түшүп бармак болду. Экөөбүз коштошуп, мен бадал арасына жашынып кала бердим. Коштошкон учурдагы сезимдерди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес эле.
“Эгер көпкө чейин келбесем, мени күтпө. Демек, мени кармап кетишти деп эсептей бер. Ушул бадалдын жанына келип үч жолу жөтөлсөм, баары жакшы болгону” деп эскертти ал. Караңгы киргенде ал айылдын четиндеги үйгө чейин жетти. Андан аркысын көрө алган жокмун. Айылдан кандайдыр шоокум, шыбырттар угулуп турду. Жолдошум таң атканча кайтып келген жок. Үмүтүм үзүлдү, үшүй баштадым. Коркуу сезими күчтүү эле, бирок ачкалык андан да коркунучтуу болчу. Күмөнсүнүп, кооптонуп, тынчым кетти. Олтурган жеримден башка жакка жылып кеттим.
Капысынан аялдын доошу угулгандай болду. Элеңдеп кулак түрүп калдым. Доош бадалдын ары жагынан чыгып жаткандай. Кыймылдабай катып турдум. Анан аял акырын сүйлөдү:
— Жолоочу! Жолдошуң сага салам айтты. Мен анын жубайымын. Биздин айылды катуу кайтарууга алышкан. Бирок биз тиги тарапка көчүп кетүүнү ойлоп жатабыз. Бул жерден тез кет. Кудай жар болсун!
Мен ордумдан туруп, ага жакындадым. Ал абалды түшүндүрдү да, колундагы капты берди. Анда бир аз тамак-аш жана кийим-кече бар экен.
— Колдо болгону ушул. Тоодон түшпөгүлө. Семей тарапка баруу абдан кооптуу. Аңдып жатышат. Аллах жолуңарды ачсын, — деп бурулуп басып кетти.
Көкүрөгүм ачышып, ооруду. Алып келген тамагын жеп, таң атканча тоо арасында басып жүрдүм. Ошентип мени менен чогуу тозоктун отундай сыноолорду бирге өткөргөн жолдошторум менен түбөлүккө коштоштум. Эгер алардын көзү тирүү болсо, балким, мен тууралуу ушундай эле эскеришет чыгаар.
“Каза болгон аялдын үстүндөгү жуурканды ачканда эмчек эмип жаткан ымыркайды көрдүк”
Нугман Баяндын “Азаптуу күндөрдөн бир үзүм” аталган эскерүүсүнөн алынды.
Отуз кишиден турган топтун ичинде эпчили да, шамдагайы дагы Сембай болчу. Ал чарчап-чаалыгуу дегенди билбей, шайдоот келатты. Жылмайса аппак тиштери кашкаят. Ат арабаларды жөө-жалаңдар ээрчиген көч Омакалы көлүнүн жээгине жетип өргүдү. Кечиндеси Такыр-Там деген жерде түнөп, Сембайдын чоң энеси Кадича жетелеп келаткан козуну союп жедик.
Такыр-Тамга жеткенде талаадан жапайы пияз терип, чычкан, суур тутуп жеп, эптеп жан сактап жүргөн казактарга кезиктик. Үнсүз тиктешип эле жагдайларыбызды түшүнүштүк окшойт, “жашоо кандай” деп ал-акыбал сурашкан деле жан болбоду.
Жел-Тоонун жака-белин жайлаган Кызылауыздын уулу он эки күчүк тууган итти таап алып, союп салыптыр. Үй-бүлөсү менен иттин этин жеп, күчүктөрдүн этин сүрсүтүү үчүн илип коюшкан экен.
— Балдарга канча күнгө азык болот, билбейм. Кечиргиле, заман ушундай катаал болуп турат, — деди ал.
Жол жүрүп баратканда ачкалыктан ичи көөп, башы шишип кеткен балдарды көрдүк. Алар ит, мышык, чычкан жеп жан сакташат экен. Бири-биринин тапкан азыгын дагы уурдап алышарын эшиттик. Ошол жерден тез кетип калууга шаштык.
Биз Баянаулдан Керекүгө кеткен кыска жол менен сапарыбызды уладык. Үчүнчү күн дегенде паромдон өтүп, андан ары Омскиден Семейге бараткан кемеге түштүк. Ошентип эки күндөн кийин Семейге жеттик.
Пристандан ижарага араба жалдап, Комиссар көчөсүндөгү 96-үйгө — агам Басардын үйүнө бардык. Бул үй Абайдын көрсөтмөсү менен курулган экен. Азыркы тапта ошол даректе Абайдын музейи жайгашкан. Ошол кезде агам облустук Мамлекеттик банктын жетекчи орун басары болуп иштечү. Обком ага Сибирге кеткен казактарды поезд менен кайтарып келүү тапшырмасын бериптир.
Агамдын үйүндө ата-энем ачка калган жок. Мен Семейдеги айыл чарба техникумуна окууга кирдим. Техникумдун жатаканасында жашап жүргөндө күндө таңгамаал эки милиция кызматкери келип, төрт жигитти көчөдөгү өлүктөрдү чогултууга алып кетишчү. Сөөктөрдү ат арабага жүктөшчү. Мен дагы бул ишке көп жолу аралаштым.
Шаардык милициянын башчысы биздин техникумдун директоруна келип
:
— Ачарчылыктан өлгөндөрдүн сөөгүн көчөдөн тазалап үлгүрбөй жатабыз. Жардамга беш-алты бала керек, - дейт.
Ошентип, алты баланы тандап алышып, тизмеге Айманов Абдукарим, Алмурзин, Баяндин Нугман, Жиреншин Аусагит кирет. Биз мындан кабары жок, бейкапар жатаканада уктап жатканбыз. Саарлап бизди милиция кызматкерлери ойготту:
— Жүргүлө!
— Каякка барабыз?
— Көрөсүңөр. Бизге жардам бересиңер, эгерде баш тартсаңар өлдүм дей бергиле. Техникумдан кууласыңар. Мына тизмеңер, директор өзү кол коюп берген, — деп айтышты.
Эмне кылабыз? Айманов Абдан:
— Жүргүлө, эмне болсо дагы барып көрөлү, — деди. Ошентип арабага отуруп жолго чыктык.
Семейдин чет жакасында, Иртыш дарыясынын боюнда кемелер токтой турган жай бар эле. Анын жанында жыл сайын жазында суу ташкындап, тегерек-четине чайып кеткен жер болчу. Бизди ошол жакка алып барышты.
— Эмне карап турасыңар, өлүктөрдү жыйнабайсыңарбы? Жогортон буйрук бар, кемелер, баржалар Зайсанга, андан ылдый Омскиге чейин тоскоолдуксуз өтүшү керек. Сөөктөрдү көмүп салбасак, жугуштуу илдеттер тарайт,- деп кыйкырды милиция башчысы.
Биз кетенчиктеп туруп калдык.
— Турбайсыңбы, айттым го, жүктө арабага, — деп буйрук кылды ал.
Биз арабага улгайган киши менен кемпирдин сөөгүн көтөрүп сала баштадык. Милиция жетекчиси баш жагынан көтөрдү, биз буттарынан кармадык. Калган ишти өзүбүз уланта баштадык.
Узун бойлуу жаш келин жуурканга оронуп жаткан бойдон жан таслим болуптур. Башына жаздык да коюп алыптыр. Анын жанында дагы эки кишинин сөөгү жатат. Биз жуурканды акырын ачтык да, баарыбыз селейип калдык. 8-9 айлык ымыркай каза болгон энесинин эмчегин эмгилеп жатыптыр...
Милиционер ымыркайды “жетим балдар үйүнө өткөрүп берем” деп көтөрүп кетти. Бизге сөөктөрдү арабага жүктөй берүүнү буйруду.
Ал кетери менен Айманов экөөбүз качып кетүү тууралуу сүйлөшө баштадык. Бирок ал бат эле кайра келип калды.
— Араба толду, айдагыла, — деди.
Биз Семейдеги темир жол бекет тарапка айдап жөнөдүк. Ал жакта Сорочин жарманкеси болчу. Жардын кырына келип токтодук.
— Эмне тиктеп турасыңар? Таштагыла, — деди ал.
Биз сөөктөрдү жардын кырынан ыргыта баштадык. Төмөндө кишинин сөөгү үйүлүп жатыптыр. Мурунду жарган сасык жыт, тозоктун өзү...Аны сүрөттөп айтып берүүгө мүмкүн эмес. Биз мурда мындайды көрбөгөн сарыооз балдар жатаканага шалдайып араң келип, керебетке куладык. Анан өксүп ыйладык. Түндөсү дене табыбыз көтөрүлүп, кусуп баштадык. Эртең менен кайра эки милиция келип, “эгер барбасаңар техникумдан кууп чыгарышарын” айтты. Студенттер директор менен милиция бөлүмүндөгүлөр кайда айтса, ошол жакка барышчу. Бул үрөй учурган алаамат күндөр жүрөктө кара так болуп калды.