Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:04

Казакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат он жылга кесилди


Перизат Кайрат былтыр ноябрда камалган.
Перизат Кайрат былтыр ноябрда камалган.

Астанада сот Biz Birgemiz Qazaqstan кайрымдуулук фондунун жетекчиси Перизат Кайратты он жылга, анын апасы Гайни Алашбаеваны жети жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Ошондой эле үй-мүлкү конфискацияланмакчы.

Соттун чечимине ылайык, 50 жабырлануучунун доо арызын канааттандыруу үчүн алардан 1,5 миллиард теңге (2,7 миллион доллар) дагы өндүрүлүшү керек.

Ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси менен козголгон кылмыш ишке байланыштуу сот 9-июлда башталган. Мамлекеттик айыптоочулар Перизат Кайратты 10 жылга, апасын сегиз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Экөө тең сотто коюлган айыпты мойнуна алган эмес.

Перизат Кайрат былтыр ноябрда кармалган. Ага алгач 2024-жылы жазында селден жапа чеккен жарандарга жардам иретинде чогултулган 1,5 миллиард теңгеден ашык акчаны (үч миллиондой доллар) кымырып алган деген айып тагылган.

Көп өтпөй палестин эли үчүн чогулган дагы 200 миллион теңгеге (400 миң доллар) байланыштуу айып тагылганы белгилүү болгон.

Финансылык мониторинг агенттигинин маалыматына ылайык, Перизат Кайрат коомчулуктан чогулган акчага Астанадан кымбат батирлерди, люкс машиналарды жана кымбат баалуу буюм-тайымдарды сатып алган. Ошондой эле тынбай саякаттап, кымбат мейманканаларда токтоп жүргөн.

Biz Birgemiz фонду 2021-жылы июнда ыктыярчылардын бүткүл улуттук кыймылы катары түзүлгөн жана катарында 15 миңден ашык ыктыярчы бар экени айтылган.

Аталган фонддун атынан былтыр жайында Кыргызстандын түштүгүнө селден жабыркаган жарандарга жардам келгени тууралуу маалыматтар чыккан.


Шерине

XS
SM
MD
LG