Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

CPJ кыргыз бийлигин абакта көз жумган Аскаровдун ишин иликтөөгө чакырды


Азимжан Аскаров сот залында, 10-январь, 2017-жыл
Азимжан Аскаров сот залында, 10-январь, 2017-жыл

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) Кыргызстандын бийлигин 2020-жылы абакта көз жумган укук коргоочу, журналист Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча дыкат жана ачык иликтөө жүргүзүүгө үндөдү.

CPJ өз билдирүүсүндө кыргыз бийлиги 69 жаштагы укук коргоочунун ден соолугу начарлап баратканына жана абакта тийиштүү шарттын жоктугуна карабай "эмне үчүн ага эң зарыл медициналык жардам көрсөтүлбөгөнү тууралуу беш жылдан бери жооп бере элек" деп жазган.

"Андан бери беш жыл өттү, Кыргызстандын бийлиги укук коргоочу жана журналист Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу негизги суроолорго эмдигиче жооп бере элек. Анын кармалышы жана өлүмү боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүп, адилеттикти камсыздоого өкмөттү чакырабыз", - деди эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн улук иликтөөчүсү Анна Браха.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, 2010-жылкы июнь коогасында "жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 абакта пневмониядан көз жумган. Анын адвокаттары Аскаровдо COVID-19дун симптомдору байкалганын билдирген.

Буга чейин Европа Биримдиги, Хьюман Райтс Вотч (HRW) сыяктуу эл аралык уюмдар Аскаровдун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, Бишкекке кайрылган.

2021-жылы май айында Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүлөрү өз иликтөөсүн жыйынтыктаган. Анда Аскаров каза болгон учурда өлкөдө "эпидемиологиялык абал оор болуп турганы, натыйжада анын өлүмүнө эч ким жооптуу деп эсептелбеши керек" экени белгиленген.

CPJ Аскаровдун ишинде адилеттикке жетмейинче Кыргызстанда сөз эркиндиги тууралуу айтуу мүмкүн эмес деп санайт. 2020-жылы өлкөдө бийлик алмашканы эркин медиага чабуул күчөп, журналисттер, блогерлер басым-кысымга кабылган учурлар көбөйгөнүн эл аралык уюм белгилейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG