Дүйнөлүк жазуучулар уюму Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевге “Дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” медалын ыйгарды. Уюмдун расмий сайтындагы маалыматта бул сыйлыктын лауреаттары Жогорку адабий кеңештин курамына кирери айтылган.
Аталган уюм (World Organization of Writers, WOW) — эл аралык байланыштарды бекемдөө, адабий кызматташтыкты өнүктүрүү жана руханий баалуулуктарды жайылтуу максатында 2023-жылы түзүлгөн. WOW уюмунун башкы кеңсеси Москва шаарында жайгашканы расмий сайтында көрсөтүлгөн.
Жазуучу, драматург, коомдук ишмер Султан Раев 1958-жылы Кара-Суу районунун Жоош айылында туулган. “Чаң жол” аттуу аңгемелер, “Күн кармаган бала” аталышындагы аңгемелер жана повесттер жыйнактарынын, “Жанжаза”, “Топон” романдарынын жана бир катар башка да чыгармалардын автору. Калемгердин “Топон” романы буга чейин Швециядагы эл аралык адабий сынакта баш байгени утуп алган. "Канышанын көз жашы" аттуу драмасы 2016-жылы Лондондогу The Spacе театрында коюлган. Бир катар чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Жакында эле жазуучунун испан тилине которулган «Топон» романы Рим шаарындагы "Sandro" басмасынан чыккан эле. Чыгарманы италиялык белгилүү котормочу Федерико Пастеро которгон.
Султан Раев 2022-жылдын март айынан бери эл аралык ТҮРКСОЙ уюмун жетектеп келет.
Шерине