Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:06

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты


 Айпери Медет кызы. Сүрөт uww.org
Айпери Медет кызы. Сүрөт uww.org

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялаган дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг 17-20-июль күндөрү Венгриянын борбору Будапешт шаарында өткөн Polyák Imre & Varga János Memorial эл аралык рейтингдик мелдешинин жыйынтыгынан кийин белгилүү болду. Бул мелдеште Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта коло байгеге ээ болду. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы быйыл үч мелдешке катышып, байгелүү болду. Буга чейин Албанияда өткөн Мухамет Мало атындагы эл аралык рейтингдик мелдеште күмүш байге алса, Иорданияда өткөн Азия чемпионатында алтын медал тагынган.

26 жаштагы Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2021-ж.). Азия оюндарынын алтын (2023-ж.) жана коло (2018-ж.) байгелерин уткан. Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2024-ж., 2025-ж.). Ошондой эле Азия чемпионатында үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.). Жайкы Олимп оюндарында эки жолу 5-орунду ээлеген. Жаштар, 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону жана бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Шерине

XS
SM
MD
LG